super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга Кытайдын жаңы элчиси дайындалды. Аны Садыр Жапаров кабыл алды

 
Бүгүн, 22-январда президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда ишеним грамоталар тапшырылды.

Садыр Жапаров аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи.

“Сентябрда биз Кытай тарап менен биргеликте “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктун ачтык, бул Кытай менен транспорттук өз ара байланышты бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болду. Өткөн жылдын 27-декабрында Жалал-Абадда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы тарыхый окуялардын бири болду”, - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканына канааттануусун билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын маданиятын жана коомдук турмушун жакшы билерин айткан элчи Лю Цзянпин Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун ал активдүү колдоого ниеттенген негизги долбоорлордун бири деп атады.

Элчи өз ара инвестиция чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал Кытай ишкерлеринин Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыгуусун белгилеп, бул нерсе өлкөдөгү ачык жана жагымдуу инвестициялык климаттын аркасында мүмкүн болгондугун кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: