super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марипов  Бишкекти жылдырууну сунуштады (видео)

 

22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов борборду башка жакка жылдырууну сунуштады.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Бишкек шаарындагы ыш, жол тыгыны маселелери каралды.

Анда эл өкүлү баш калаадагы ыш жана жол тыгыны татаал маселе экенин эске салып, борборду жылдырууну сунуш кылды.

"Биздин борборду башка жакка жылдырууга сунуш берет элем. Антпесек маселе чечилбейт экен. Муну карап көрүш керек. Азыр Ысык-Көл облусунда "Асман" шаары курулуп жатат. Ага бүгүнкү күндө 10 миллиард сомго жакын инвестиция тартылып жатат. Биздин темир жолду жылдырыш үчүн эле 550 миллион доллар акча талап кылынып жатыптыр. Аны, айланма жолдорду кошкондо 1 миллиард доллардан ашык акча керектелет экен. Ошол үчүн борборду, керек болсо өкмөттү, Министрлер кабинетин шаардан алып чыгыш керек. Ошондо гана жол тыгын маселеси чечилет эле", - дейт ал.






22.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: