super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкекте бардык унааларды бир күнгө токтотууну сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев Бишкек шаарында 1 суткага унаалардын кыймылын токтотууну сунуштады.

Ал мындай оюн "катализатору жок унаалардан чыккан түтүн борбор калаадагы ыштын көтөрүлүшүнө алып келип жатат" деген пикирден улам билдирди. Депутат күн жылыганда деле унаалар жүрүп жатканын белгилеп, анда "эмнеге ыш пайда болбойт" деген суроо жараларын айтты.

"1 суткага унааларды жүргүзбөй токтотуп көрбөйлүбү? Буга эч кандай чыгым деле кетпейт. Мына карантин убагында деле жатпадыкпы. Мындан анализ жасап, ышка унаалардын тиешеси барбы же жокпу деген тыянак чыгарсак", - деди Эгембердиев.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы жылдык эс алууда калаадан 2 миңдей унаа аймактарга чыгып кеткенин белгилеп, ошол учурда абанын сапаты жакшырганын айтты.






Депутат Бишкекте бардык унааларды бир күнгө токтотууну сунуштоодо

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: