super.kg logo

Кафе болуп кеткен. Бишкекте мурдагы бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекетке алынды (видео)

 

Бишкек шаарында жайгашкан мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Кеме" бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылган. Тагыраагы, 1995-жылы Биринчи май райондук администрациясынын мурдагы кызмат адамы тарабынан менчиктештирилип кеткен. Аталган объект мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон.

Атайын кызмат тергөө иштеринин жүрүшүндө учурда объектке ээлик кылган адам мүлктү жана жанаша жаткан жер тилкесин өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин белгиледи. Маалыматта ал эки кабаттуу имаратты кафе кылганы айтылат.

Алынган объект Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






22.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: