super.kg logo

Терминалдарды талкалап акчаларын алып жүргөн деген шек менен 36 жаштагы адам кармалды (видео)

 

Өлкө боюнча 20дан ашык банкомат жана терминалдарды талкалап ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдаган деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-январда милицияга 30 жаштагы киши арыз менен кайрылып, белгисиз адам Токмок шаарындагы "Азия" дүкөнүндө жайгашкан "Кыргызстан коммерциялык банкынын" терминалын талкалап, ичиндеги 1 миллион 200 миң сомду уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле Чүй облусунун аймагында мындай 7 учур катталган. Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милициянын маалыматы боюнча бул иштерге мурда соттолгон жана Талас облусунда издөөдө жүргөн 36 жаштагы жаран шектүү делип табылган. Шектүү алдын ала кылмышка даярданып Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаарындагы банкомат менен терминалдардагы акчаларды уурдаганы белгилүү болгон. Укук коргоо органдары ал мындан ары дагы ишин улантуу максатында Баткен облусуна барып, ал жактан белгисиз адамдар менен сүйлөшүп жатканын аныктаган. План боюнча акча алмаштыруу жайларына каракчылык кылышмак. Мындан улам шектүүнү кармоо иши уюштурулуп, ал Кызыл-Кыя шаарынан колго түшкөн.

Кармалган шектүү Токмок шаардык милициясына алынып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Каракчылык кылууга даярдык көрүү фактысы каттоого алынып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-208-беренелеринде (Каракчылыкка даярдануу) каралган кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Учурда ага көмөктөшкөн жарандарды аныктоо иштери жана тергөө уланууда.






22.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: