super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат (видео)

 

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл февраль айында башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында депутат Жалолидин Нурбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Ош шаарын айланып өтүүчү жолду салуу качанкыга пландалып жатканына кызыкты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып Ош шаарын айланып өтүүчү жолду салуу быйыл концепция катары гана каралып, курулуш иштери бул жылы иш планга киргизилбегенин билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу маалыматты тактап берүүгө чакырып, аталган жолдун курулушу быйыл февраль айында баштала турганын айтты.

"Ушул күндөрү Ошту айланып өтүүчү жолду салуу иштери башталып жатат. Жалпы узундугу 34 чакырымды түзөт. Атайын техникалардын бардыгы тартылган. Февралдын башында кадимкидей жолдун курулуш иши башталат. Эмне үчүн бул боюнча маалымат бербейсиз? Иш жүрүп жатпайбы", - деди төрага.






Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: