Бишкекте компьютердик клубда уктап калган жигит жанындагы адамга телефонун уурдатты (видео)
Бишкек шаарында компьютердик клубдан уурулук жасаган деп шек саналып 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 25-декабрда Восток-5 кичи районунда болгон. Анда шектүү клубда уктап калган баланын 18 миң сомдук Redmi үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Урдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген 36 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
22.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.