Башкы прокуратура Ошто иштеген мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду
Ош облусунда муктаж эмес жарандарга жөлөк пул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.
Маалымдалгандай, Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки аралыкта иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөк пулдарды мыйзамсыз чегеришкен. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 миллион 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген. Башкармалыкта текшерүү иштерин Ош облустук прокуратурасы жүргүзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.