Бишкек–Ош жолуна көчкү түшүп, жол жабылды (видео)
Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек–Ош унаа жолунун 127-чакырымында бүгүн болжол менен саат 16:15 чамасында кар көчкү түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жерине №9 жол тейлөө ишканасынын 2 жүктөгүч унаасы тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө.
"Буга байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек–Ош жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу чектөө киргизилди. Кырдаалды байкоо үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргендиги айтылган.
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.