super.kg logo

Караколдо 4,8 миллион сомдук алдамчылыкка байланыштуу шектүү кармалды

 

Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга Жети-Өгүз районунун 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр сентябрь айында Каракол шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринин ээси 4 миллион 810 миң сомун 7 күндүн ичинде долларга алмаштырып берүүнү убадалап, бирок бербей качып кеткенин айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө шектүү андан алган сумманы 58 миң долларга алмаштырып, анын 15 миң доллары менен карыздарынан кутулуп, калган акчаны башка адамдарга пайыз түрүндө таратып салганы аныкталган. Шектүү делген 34 жаштагы жаран кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал сурак учурунда өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: