super.kg logo
  Саясат  

Кулубаев Орусиянын тышкы иштер министри менен миграция маселесин талкуулады

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча бүгүн, 22-январда расмий сапар менен Орусияга барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири талкуулады.

Анда Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктары белгиленип, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, атап айтканда, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында кызматташтыкты чыңдоо маселелери тууралуу пикир алышуу болду.

Министр Кулубаев андан сырткары миграция маселесине да кенен токтолду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Расмий сапардын жүрүшүндө министр Кулубаев Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон советтик жоокерлерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.

Мындан тышкары ал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Кырдаалдык - кризистик борбор департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: