super.kg logo
  Саясат  

Парламент төрагасы Тургунбек уулу кесиптешин мэр болушу менен куттуктады

 

Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу депутат Жеңишбек Токторбаевди Ош шаарына мэр болушу менен куттуктады.

Ал бир катар эл өкүлдөрү аткаруу бийлигине барып жатканын белгилеп, "каалоочулар болсо айтыңыздар" деп тамаша сөзү менен жыйынтыктады.

"Бул дагы биздин парламент үчүн чоң сыймык. Анткени депутаттардан аткаруу бийлигинин жооптуу, мартабалуу кызматына баратат. Жеңишбек Шермаматович биздин VII чакырылышта активдүүлүгүн, өзүнүн пикири бар депутат экенин көрсөттү. Буга кыргыз эли күбө. Андыктан Шермаматовичтин жаңы кызматына ийгиликтерди каалайбыз.

Буга чейин биздин чакырылыштан Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Алтынбек Сулайманов өңдүү депутаттарыбыз аткаруу бийлигине тартылды. Алдыда дагы 2 жылга жакын убакыт бар. Мен ойлойм, парламенттин мектебинен өткөн мыкты, татыктуу депутаттар эл жүгүн аркалоого дайым даяр", - деди Тургунбек уулу.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Токторбаевди Ош шаарына мэр кылып дайындоо жарлыгына кол койгону белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: