Ош шаарынын жаңы мэри Жеңишбек Токторбаевдин өмүр баяны
Бүгүн, 23-январда Жеңишбек Токторбаев Ош шаарына мэр болуп дайындалды. Аны Ош шаарынын мэриясына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды.
Жеңишбек Токторбаев 1968-жылдын 14-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Жыгач айылында туулган.
1986-1988-жылдары Германияда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эки жогорку билимдин ээси. Алгач 1992-жылы Украинадагы Хмельницк технологиялык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. Андан соң 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1992-1993-жылдары Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде «микробиолог» кызматында иштөө менен эмгек жолун баштаган.
- 1994-2003 ― ишкердик менен алектенген.
- 2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын «Достук» Коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы кызматында эмгектенген.
- 2004-2008-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты болгон.
- 2008-2021 ― ишкердик менен алектенген.
- 2021-жылы “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келген. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.