super.kg logo
  Саясат  

"Депутаттар менен урушпай, талашпай иштейли". Ош шаарына жаңы барган башчы эмнелерге токтолду?

 

Бүгүн, 23-январда Ош шаарына жаңы мэр болуп шайланып барган Жеңишбек Токторбаев ишке киришти. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, андан соң коридордон эле жалпы бөлүм башчылар, вице-мэрлер менен сүйлөштү.

Токторбаев өз сөзүндө мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болбой тургандыгын айтып, татыксыз учурда гана жумуш ордунан алына тургандыгын билдирди. Ошондой эле коррупцияга каршы туруудагы иш-аракеттерди күчөтүү керектигин белгилеп, бир катар маселелерди тизмектеди.

"- Бөлүм башчылар баары иштейт. "Мен келип жакын кишимди же тууганымды кызматка коём" деген болбойт.

- Экинчиден, тапшырма болду. Коррупцияга каршы туруудагы мыйзамдын автору менмин. Вице-мэрлерге, жетекчилерге айтайын, көзүңөрдү ачкыла, камаласыңар. Мурун кармалгандар айып пул менен акталып кеткен болсо, азыр андай жок, балаңарга чейин зыяны тиет. Жол бербешибиз керек.

- Шаарда жасай турган жумуштар көп экен. Жолдогу карлар күрөлбөй жатат. Ким жооп берет? Техника жок.

- Депутаттар менен чогуу болушубуз керек. Урушпай, талашпай иштешели. Эч качан депутаттар менен урушпаш керек. Алар да элге убада берип келген. Тил табышып, бир арабаны тартып кетишибиз керек. Баарыбыз эле депутат болгонбуз", - деп тизмектеп өттү.






23.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: