super.kg logo

ЕЭК транспорттук системаларды жакшыртуу жана инфраструктураны оптималдаштыруу боюнча иштерди баштады

 

Автомобиль транспорту тармагына интеллектуалдык транспорттук системалардын технологияларын жигердүү киргизүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши "Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук системаларынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу" концепциясын жактады. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.

Маалымдалгандай, концепцияны ишке ашыруу бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын алкагында ташуучулар аба ырайынын шарттары, мүмкүн болгон тыгындар жана жол кырсыктары жөнүндө стандартташтырылган маалыматты ала алышат.

“Учурдагы транспорттук агымдардын өзгөрүү динамикасынын жогорку шартында улуттук транспорттук комплекстердин ишинин сапатын жогорулатуу жана инфраструктурага жүктөрдү рационалдуу бөлүштүрүү маселелеринде так интеллектуалдык системалар негизги роль ойноп жатат”, - деп, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев белгиледи.

Маалымат үчүн: Концепция Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык транспорттук системаларынын (ИТС) өз ара аракеттенүүсүнүн негизги принциптерин белгилейт. Аны ишке ашыруу жол-транспорт инфраструктурасына заманбап технологияларды жигердүү киргизүүгө көмөктөшүп, ИТСтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат. Мындан тышкары бул жол кыймылынын катышуучуларына сапаттуу жана өз убагында маалыматтык колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде евразиялык негизги транспорттук коридорлорунда ИТС операторлорунун жоопкерчилик чөйрөсүнүн башталып, аяктагандыгын маалымдоого мүмкүнчүлүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: