super.kg logo

Пенсильваниядагы үгүт ишинде атылган октон Трампты сактап калган жан сакчы кызматка барды 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн жан сакчысын кызматка алып келди. Бул тууралуу Трамп Truth Details баракчасына жазды.

Анда Трамп Шон Курранды АКШнын жашыруун кызматынын жетекчиси кылып дайындаганын билдирип, ага ишеними чоң экенин айткан.

"Мен үчүн Шон Курранды АКШнын жашыруун кызматынын жетекчиси кылып дайындоо сыймык. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, Пенсильвания штатындагы окуяда мени коргой алды. Ал АКШнын жашыруун кызмат бөлүмүн болуп көрбөгөндөй күчтүү кыла аларына ишенип турам", - деп билдирген Трамп.

Трамптын берген маалыматына караганда, Куррандын 23 жылдык иш тажрыйбасы бар. Ал 2001-жылдан баштап АКШнын жашыруун кызматында иштеп келет.

Белгилей кетсек, былтыр июль айында Пенсильвания штатынын Батлер шаарындагы шайлоо алдындагы митинг учурунда Дональд Трампка кол салуу болуп, кулагына ок тийген. Ок иш-чаранын сыртындагы өндүрүш ишканасынын чатырынан атылган. Көп узабай Трампка ок аткан киши кармалып, өлүм жазасына тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: