super.kg logo

Бишкекте милиционерди унаасы менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды (видео)

 

Бишкек шаарында жол тескөөчүгө баш бербей, аны унаанын капотуна жабыштыра сүйрөп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ленин ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-январда саат 16:30 чамасында Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Кайгуул кызматынын кызматкери каршы тилкеге чыгып айдаган Lexus үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган. Бирок унаанын айдоочусу баш ийбестен инспекторду унаанын капотуна жабыштырган тейде бир нече аралыкка чейин сүйрөп барып, качып кеткен. Окуядан кийин жол тескөөчү медициналык мекемелердин бирине жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми анын унаасы айып короого токтотулду. Учурда тергөө иштери уланууда.






23.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: