super.kg logo
  Саясат  

 Адылбек Касымалиев Ош шаардык мэриясынын коллегиясына катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясынын коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө муниципалитеттин 2024-жылда аткарган ишинин жыйынтыгы талкууланып, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин камтыган үстүбүздөгү жылга карата пландары, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлор талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы өткөн жылы социалдык, экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда жетишилген жыйынтыктарды белгиледи. Ошондой эле ал быйыл республикалык маанидеги 100 ишкананын тизмеси аныктала турганын айтты.

Касымалиев мэрияга президент тарабынан коюлган бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алууну, тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы мындан сырткары Ош шаарынын мэриясына шаардагы жол тыгындарын жана абанын булганышын азайтуу боюнча тийиштүү иш-чаралар планы иштеп чыгууну, салык кызматы тарабынан 2025-жылга карата коюлган планды толук көлөмдө аткарууну, муниципалдык коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коомдук транспортто жол акыны накталай эмес электрондук түрдө төлөө системасын киргизүү боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: