super.kg logo

Каракол шаарындагы мугалимдерге алгачкы ноутбуктар берилди (сүрөт)

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 23-январда Каракол шаарындагы Максим Горький атындагы STEM-билим берүү ыкмасындагы мектеп-гимназиянын мугалимдерине "Алтын казык” маркасындагы алгачкы ноутбуктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирди.

Маалымдалгандай, берилген ноутбуктар – окуу китептери, окуу колдонмолору, презентациялар жана интерактивдүү 3D моделдерин камтыган заманбап санариптик ресурстар менен жабдылган. Жакынкы келечекте мугалимдерге онлайн-ресурстарга жетүү, тажрыйба жана сабактарды даярдоо үчүн материалдар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жаңы билим берүү платформасы иштей баштайт.

Окуу жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандын мектептери, тагыраагы математика, физика, химия, биология жана компьютердик технологиялар боюнча так илимдердин мугалимдери 27 миң ноутбук алат. Ушундай эле тапшыруу иштери жайкы каникул башталганга чейин болоору күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: