super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Ош облусундагы өкүлчүлүктө жыйын өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 23-январда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өкүлчүлүктүн 2024-жылда аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата пландары талкууланды. Отурумдун жүрүшүндө белгиленгендей, Ош облусунда өткөн жылы 128 жаңы ишкана ачылып, 1400гө жакын жумуш орундары түзүлгөн.

2024-жылы бир катар чакан ГЭСтер ишке берилип, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өнөктөштөр аныкталып, 1,5 миллиард доллар каржы булагы табылганы айтылды.

Касымалиев бюджеттин киреше бөлүгү жана өндүрүштүн көлөмү боюнча пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу, инвесторлор үчүн жагымдуу климатты түзүү, калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: