super.kg logo

Түркияда лыжа базадагы өрт: Мейманкана толугу менен бузула тургандыгы айтылды

 

Түркия бийлиги өрттөн 79 адам каза болгон Grand Kartal мейманканасын бузуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине таянуу менен жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, мындай чечим имараттын экспертизасынын жыйынтыгын алгандан кийин кабыл алынды. Эксперттер мейманкананын негизги таяныч мамычалары олуттуу зыянга учурап, конструкция жараксыз болуп калганын аныкташкан.

“Кийинчерээк бул аймакты кайра иретке келтирип, башка максатта пайдалануу пландалууда”, - деп тактаган басылмалар. Аны бузуу иштери жакынкы күндөрү белгилүү боло тургандыгы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 21-январга караган түнү Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканада ири өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан учурда мейманканада 234 адам болгону айтылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган лыжа базадагы өрткө байланыштуу бир күндүк аза күтүү күнүн жарыялап, 22-январда өлкөдөгү жана чет элдик өкүлчүлүктөрдөгү желектер түшүрүлгөн. Ошону менен катар Эрдоган лыжа базасындагы трагедияга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: