super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысы Кулубаев армениялык кесиптеши менен сүйлөштү 

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армениялык кестиптеши Арарат Мирзоян менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

ТИМ билдиргендей, 23-январда өткөн жолушууда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүүнүн перспективаларын карап чыгышты.

ТИМ башчылары бул багытта чоң потенциалды жана инструменттердин кеңири спектрин белгилеп, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын билдиришти.

Анда экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анын кезектеги жыйынын ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле тараптар интеграциялык бирикмелердин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантууга, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлигин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Армениянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына жана Кыргызстандын Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Армениянын Дипломатиялык мектебинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Белгилеп өтсөк, Кулубаев 22-январда Арменияга иш сапар менен барган.






24.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: