super.kg logo
  Саясат  

Киев менен Москва Трамптын согушту токтотуу талабына жооп беришти

 

Киев менен Москва АКШ президенти Дональд Трамптын согушту тез арада токтотууга чакырган билдирүүсүнө жооп беришти.

Тагыраагы, Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Трамптын билдирүүсүн өлкө кубаттай турганын билдирип, Орусияга болгон кысымды күчөтүп, аны сүйлөшүүгө мажбурлоо зарылдыгын белгилеген. Ошол эле учурда министр Орусиянын мындан аркы агрессиясын чектөө үчүн катаал санкцияларды колдонуу керек дейт.

Ал эми Кремль Трамптын коркутууларынан жаңы эч нерсе көрө албаганын билдирди. Орусиянын президентинин катчысы Дмитрий Песков Трампты мурунку мөөнөтүндө дагы санкциялык ыкмаларды көп колдонгон президент катары сыпаттап, "ал бул ыкманы жакшы көрөт" деди.

Буга чейин Америка лидери Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушту токтоосуз токтотууга чакырып, эгер баш тартса экономикалык катаал чаралар көрүлөрүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: