super.kg logo

УКМК "Бишкек шаар лифт" ишканасынын мурдагы жетекчисин кармады

 

"Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат ишкананын мурдагы жетекчиси менен учурдагы башкы эсепчисин шаардагы лифттерди алмаштырууда башка лифт алмаштырган уюмдарга берилчү сумманы көп көрсөтүшүп акча каражаттарын кымырышкан деген күдүк менен текшерүүгө алган.

"Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен шаардагы көп кабаттуу имараттардын 100гө жакын лифттин алмаштырып келет. Лифттерди алмаштыруу иштери аталган ишканага жүктөлгөн. "Бишкек шаар лифт" өз кезегинде лифттерди орнотуу үчүн ар кандай иш аткаруучуларды жумушка тартып келген жана ар бир лифтти алмаштыруунун чыгымын документте 267 миң сом деп көрсөткөн. Бирок иш жүзүндө ишкана менен келишим түзгөн уюмдарга 135 миң сом төлөнүп, калган бөлүгү, тагыраагы, ар бир лифттен 132 миң сом кымырылган", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн алкагында ишкананын кабинеттери текшерилип, мурдагы жетекчилиги үзгүлтүксүз негизде алыш-бериш эсебинен 150 миң сомдон 2 миллион сомго чейин акча каражатын негизсиз алгандыгын тастыктаган финансылык документтер табылган. Мындан улам топтолгон материалдардын негизинде мурдагы директор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Атайын кызмат кылмыштын башка жагдайларын изилдөө жана кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: