super.kg logo

Эл аралык "Славян базары" фестивалы: Бишкекте улуттук тандоо өтөт

 

Белоруста эл аралык "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында сынактар өтөт. Буга Кыргызстандын атынан бара турган таланттарды тандоо 2-март күнү Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдилди.

Маалыматка ылайык, тандоо турун уткан катышуучулар Кыргызстандын атынан төмөндөгү сынактарга жолдомо алышат.

XXXIV Эл аралык "Витебск 2025" эстрада ырчылар сынагы (Жаш курак 18-ден 31 жашка чейин)
Эстрадалык жанрында, 4 мүнөттөн ашпаган 2 ыр аткарыш керек.

1. Славян авторлорлорунун ыры.
2. Дүйнөлүк хит.

XXIII Эл аралык балдардын "Витебск 2025" музыкалык сынагы (Жаш курагы 8-жаштан 14 жашка чейин)
Эстрадалык жанрында, 4 мүнөттөн ашпаган 2 ыр аткарыш керек .

1. Кыргыз тилинде.
2. Башка тилде, мисалы дүйнөлүк хит.

Эскерте кетчүү нерсе, конкурска катышууну каалагандар концерт, сынактарга катышкан, тажрыйбасы бар болуусу зарыл. Ал эми жаңы баштап жаткандар 15-февралга чейин онлайн тандоодон өтсө болот. Билдирмелерди кабыл алуу 25-февралга чейин уланат.

Кененирээк маалыматты алыш үчүн сурап билүү үчүн номурлар:
+996 705 445 522
+996 556 545 577






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: