super.kg logo

Бишкекте мурда соттолгон жаран телефон уурдоого шектелип кармалды

 

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-январда Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнө калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 14:00 чамасында коомдук транспорттон 30 миң сомдук Поко 5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатып ийгенин айткан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү катары 1992-жылы туулган Т.С. аттуу мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү буга чейин чөнтөк ууру катары каттоодо тургандыгы аныкталган.

Аны текшерүү учурунда Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылып, алынган. Ыкчам кызматкерлердин айтымында, ал телефон да 22-январда коомдук транспортто уурдалган. Жабырлануучунун өздүгү аныкталып, телефон ээсине кайтарылып берилди. Ал дагы милицияга арыз жазган.

"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар же маалыматы бар жарандар 0705 07 08 08, 0505 91 91 49, 0707 70 77 76 же 102 номерине кабарлаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: