super.kg logo

Казакстандагы адам укуктарынын абалы БУУ тарабынан жогору бааланды

 

Кечээ, 23-январда Женевада Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 48-сессиясынын жүрүшүндө Казакстандын адам укуктары чөйрөсүндөгү милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө төртүнчү баяндамасы жана сунуштары каралды.

Казакстандын Юстиция министри Ерлан Сарсембаев жетектеген казакстандык делегация кеңешке президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан жүргүзүлүп жаткан адам укуктары жана мыйзамдуулук жаатындагы реформаларына кенен токтолду. Анда негизги багыттар боюнча айтылып, адам укутары, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени жок кылуу, тынчтык багытындагы жыйындарды өткөрүү, журналисттердин укуктарын кеңейтүү, адам сатууга жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо сыяктуу мыйзамдарга кенен түшүндүрмө берилди.

Мындан тышкары Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары жана башка кызматтар менен тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташуу жогорку жыйынтык берип жатканын айткан. Ал белгилеген багыттарды укук коргоочулар жана эксперттер далилдей тургандыгын кошумчалаган.

Василенко ошондой эле өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы диалогду бекемдөө маселелерине токтолуп, “Адамдык өлчөм боюнча диалог платформасы” консультативдик-кеңеш берүүчү органынын ролун белгиледи.

Казак делегациясы менен болгон диалогдо БУУга мүчө мамлекеттер амбициялуу реформаларды ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды колдоорун, ошондой эле Казакстанда адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдардын кабыл алынышын кубатташты. Ага улай 2023-жылдын 8-декабрында өлүм жазанын жокко чыгышы жана БУУнун адам укуктары боюнча кеңешчилер тобуна Казакстандын мүчө катары салым кошкондугу боюнча айтылды.

Белгиленгендей, БУУнун мүчө мамлекеттеринин сунуштары менен Казакстандын жумушчу тобунун баяндамасы 2025-жылдын июнь айындагы Адам укуктары боюнча кеңештин 59-сессиясында бекитилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: