super.kg logo

Бишкекте таштандыларды өрттөгөндөрдөн 3 миллион сомго жакын айып пул жыйылды

 
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы экологиялык эрежелерди бузгандарды аныктады. Алар борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринде тыюу салынган таштандыларды өрттөшкөн. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, курулуш материалын өрттөгөнү үчүн жеке жаран А.Н. аныкталып, айыпка тартылды. Текшерүү учурунда шаар тургуну ламинаттын кесиндилерин от жагуу үчүн колдонгондугу белгилүү болду. Материал толук күйүп бүтпөгөндүктөн, таштанды сыртка чыгарылып, курч жыттын таралышына себеп болгон. Ага улай экологиялык мыйзам бузуу Витебский көчөсүндө да катталган. Анда Т.Р. аттуу жергиликтүү жашоочуга таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн протокол түзүлдү.
Мэрия 2024-жылдын ичинде Муниципалдык инспекция 256 таштанды, башка калдыктар жана куураган чөптөрдү өрттөө учурларын каттап, 3 миллион сомго жакын айып тагылганын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: