super.kg logo

АКШ мигранттарды депортациялай баштады

 

Президент Дональд Трамптын буйругуна ылайык, С-17 аскердик транспорт учактары кармалган мигранттарды АКШдан чыгара баштады. Бул тууралуу расмий өкүлдөр жума күнү билдирди. Ошол эле маалда Пентагон түштүк чек арага кошумча аскерлерди, анын ичинде элиталык 82-аба-десант дивизиясынын жоокерлерин жиберүүгө даярданып жатат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт "Депортация каттамдары башталды" деп билдирди X социалдык тармагында. Жума күнү АКШнын эки аскерий учагы менен Гватемалага болжолу 160 мигрант учуп келгенин Рейтер агенттиги билдирди. Эль Пасодо (Техас штаты) жана Сан-Диегодо (Калифорнияда) кармалган беш миңден ашуун адам жакын арада депортацияланышы күтүлүүдө.

Ушул аптада Трамптын администрациясы Мексика чек арасына 1500 кошумча аскер жиберээрин жарыялады. Ал буга чейин чек арага 5200 аскер жөнөткөн.

Экинчи мөөнөтүнүн биринчи күнүндө Трамп мыйзамсыз иммиграцияны улуттук өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал аскерлерге чек араны бекемдөөгө жардам берүүнү буйруду жана жаңы башпаанек сурамдарына тыюу салуу, АКШда төрөлгөн мигранттардын балдары үчүн жарандык эрежелерди катаалдаштыруу боюнча буйруктарга кол койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: