super.kg logo

Темирлан Султанбеков сурак учурунда эсин жоготуп жыгылды (видео)

 

Кечээ, 24-январда “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Бул тууралуу анын карындашы Каныкей Султанбекова Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

"Cултанбеков 72 күндөн бери ачкачылык кармап жатканына байланыштуу абалы начарлап кеткендиктен кыска мөөнөткө эс-учун жоготуп жыгылды. Өзүнө келгенде медициналык жардамдан баш тартып "үйүмө кетким келет, мени убактылуу тергөө жайына жеткиргиле" деп суранды", - деген анын адвокаты Аскат Алымкулов "Азаттыкка".

Алымкулов кошумчалагандай, Султанбековдун ата-энеси жана жакындары саясатчынын эркине каршы ачкачылыктан чыгаруу чечимин кабыл алышты. Медиктер ага тамчылатма дары куюшту.

Окуя тууралуу Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, анын абалы начарлап баратканын айтып, үй камагына бошотууну суранышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: