super.kg logo
  Саясат  

Дем алыш күндөрдү жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Президент жаңы Эмгек кодексине кол койду

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Анда эмгек мамилелерин жөнөкөйлөштүрүү, эмгек келишимдерин электрондук түрдө жүргүзүү, ден соолугунан майыптыгы бар жарандар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча чаралар каралган. Эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн иш берүүчүлөр үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндөгү айыптык коюм киргизилди. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын оор шарттарда иштөөсүнө тыюу салуу чаралары бекемделди.
Ошондой эле майрамдардын жана жумуш эмес күндөрдүн санын оптималдаштыруу каралган. Алсак, 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам бойдон калат, бирок иш күндөрү болот.
Муну менен бирге дем алыш күндөрдү жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.
Мындан сырткары жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.
Аталган документти Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: