super.kg logo

"0,5 пиво ичкем". Бишкекте ЖКККБ кызматкерлеринен качкан айдоочу ээн талаадан кармалды (видео)

 

Бишкекте кызматкерлерге баш ийбей талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматк ылайык, ЖКККБнын кызматкерлери Көк-Жар айылынан “Mazda” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу 7-Апрель көчөсү менен жогору Ала-Тоо совхозуна чейин унаасын токтотпой качкан.

Натыйжада аталган унаа Ала-Тоон совхозунун ээн талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экендиги аныкталган. Ал колго түшкөндө коркуп кетип качканын айтып, жарым эле бөтөлкө сыра ичкенин моюндаган.

Ага кызматкерлерге баш ийбей качкандыгы үчүн 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Эми айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: