super.kg logo

 Кант шаарында мектеп окуучулары мушташып, 16 жаштагы өспүрүм каза тапты

 

Кант шаарында эки мектеп окуучусу мушташып, алардын бири алган жаракатынан улам ооруканада эсине келе албай каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-январда Ысык-Ата РИИБине маркумдун бир тууганы арыз менен кайрылган. Ал 22-январда №3 мектептин 10-классынын окуучусу 16 жаштагы Ч.Д. аттуу инисин пикир келишпестиктен улам сабап койгонун, иниси ооруканага жаткырылып, бирок 25-январда эсине келбей каза болгонун айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө мектеп окуучулары Ч.Д. жана Р.А.нын ортосунда чыр чыгып, мушташа кеткени маалым болгон. Экөө тең жаракат алып, бирок Ч.Д. ооруканага жаткырылып, операция жасалган. Кийин Бишкек шаарындагы жеке ооруканалардын бирине которулуп, ал жактан эсине келбей каза болгон.

Учурда аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары суракка алынууда. Экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: