super.kg logo

Лукашенко жетинчи ирет Беларустун президенти болуп шайланды 

 

Беларустун азыркы башчысы Александр Лукашенко жетинчи мөөнөткө кайра шайланды. Бул туурасында республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Беларустун 86,82 пайызы өлкөнүн азыркы президенти үчүн добуш берди. Ал эми өнөктүккө шайлоочулардын 85,7 пайызы катышкан.

Белгиленгендей, Лукашенкодон тышкары жалпы төрт талапкер болсо, алардын ичинене эң көп добушту же болбосо 3,21 пайызды Коммунисттик партиясынан барган Сергей Сыранков алды. Шайлоочулардын 3,6 пайызы бардык талапкерлерге каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн кийинки маалымат жыйынында Лукашенко бийликти өткөрүп берүү үчүн мураскер издебестигин айтты. Ошону менен катар ал республиканын болочоктогу жетекчиси кадрдык резервде бар экендигин кошумчалаган.

Айта кетсек, Беларуста президенттик шайлоо кечээ, 26-январда өттү. Беларустагы шайлоо батыштык байкоочулардын катышуусуз болду. Ошондой эле чет өлкөлөрдө шайлоо участоктору ачылган жок. Евробиримдик Беларуста бул президенттик шайлоону эркин жана демократия принцибинде өтпөгөндүгүн белгилеп, Минскке каршы санкцияларды киргизүүнү улантуу ниетин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: