super.kg logo

Кримтөбөлдөргө таянып, кыздарды зордуктоого шектелген адам кармалды 

 

Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн каржылап келген деген шек менен К.Н. аттуу жаран кармалды. Ал зордуктоого да айыпталуда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү 2013-жылдан бери маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, "общакты" каржылап турган жана ошондой эле маркум Чыңгыз Жумагулов (крим чөйрөсүндө Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү) менен да жакын мамиледе болгон.

"К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы, шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталган", - деп айтылат маалыматта.

УКМК кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалганын жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө иштер жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: