Чүйдө 507 миң доллар алдамчылык ишине шектелген аял кармалды
Аламүдүн районунда жер махинациясына шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-июлда милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал Мыкан айылында жайгашкан 0,4 гектар жер тилкесин трансформациялоону убада кылган тааныш аял 2020-2021-жылдары анын атынан жасалма ишеним кат даярдап, жерин 25 жерге бөлүп, там салуу үчүн башкаларга сатып жибергенин айткан. Мындан улам жабырлануучу 507 миң доллар (44 миллион 410 миң сом) зыян тарткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делген 60 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.