ТИМ Америкадагы миграциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу билдирүү таратты
Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бүгүн, 27-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган кыргызстандыктар миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт.
Министрлик кошумча суроолор пайда болгон учурда Канададагы элчиликке жана Чикаго шаарындагы башкы консулдукка кайрылууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги
- 2360, Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
- kgconsulate.washington@mfa.gov.kg
- +1 202 256 2924
- +1 202 449 9823; +1 202 449 9822
Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу
- 100 North LaSalle Str., Suite 1610,Chicago, IL 60602
- kgconsulate.сhicago@mfa.gov.kg
- +1 312 929 34 42
- +1 312 994 24 16
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.