super.kg logo

"1 миллиард сом бөлүнгөн". Бишкекке 2024-жылы сатып алынган атайын техникалар (сүрөт)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын жыйынтыктоочу коллегиясынын алкагында борбор калаанын муниципалдык кызматтарынын муктаждыктары үчүн сатып алынган жаңы атайын техникалар менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык ишканалар үчүн 238 даана заманбап атайын техника сатып алуу үчүн 2024-жылы шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады. Сатып алынган атайын техникаларга – таштандыларды ташуучу унаалар, шыпыруучу жана сугаруу машиналары, бак-дарактарды бутоо жана жашылдандыруу үчүн машиналар, көчөлөрдү жарыктандырууда колдонулуучу машиналар, жол инфраструктурасын тейлөө үчүн техникалар, бульдозерлор, самосвалдар, ошондой эле авариялык жана суу ташуучу унаалар кирет.

Мындан тышкары түркиялык ISUZU өндүрүүчүсүнүн экологиялык жактан таза, суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустары көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Бишкекке 24-январда Түркиядан ISUZU үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын үчүнчү партиясы келген. Декабрь айында 31 ISUZU алып келинсе, бул жолу 12си жеткирилип, жалпы 43 даана келди. Жакынкы күндөрү дагы 25 даана келери күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: