Бишкекте 24 жаштагы жигиттин үйүнөн болжолдуу 1,5 миллион сомдук баңгизат табылды (видео)

Маалымдалгандай, 25-январь күнү Биринчи май райондук милициясына кабар келип түшкөн.
Бул боюнча тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Натыйжада 2001-жылы туулган А.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Милиция кызматкерлери шектүүнүн дарегин тинтүү учурунда 188 даана синтетикалык заттарды табышкан. Алардын жалпы салмагы 367 граммды түзүп, шектүүнүн көрсөтмөсүндө ал заттар 1 миллион 500 миң сомго бааланган. Бардык синтетикалык заттар соттук-эксперттик кызматка жөнөтүлгөн. Мындан тышкары шектүү башка аталыштагы баңгизатты Телеграм каналы аркылуу алып, сатып жүргөнү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте 24 жаштагы жаран баңгизат сатканга шектелип кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.