super.kg logo

Google Мексика булуңунун аталышын Америка булуңу деп өзгөртөт

 

Google Картада (Google Maps) Мексика булуңунун аталышы Америка булуңу деп өзгөртүлөт. Мындай билдирүүнү Google компаниясы X социалдык тармагына жарыялады.

Компания булуңдун аты АКШнын жашоочулары үчүн гана Америка болуп өзгөртүлөрүн, ал эми Мексикада мурунку эле аталышы кала турганын белгилеген. Бул эки өлкөдөн тышкары Google Карталардын колдонуучулары эки ысымды тең көрүшөт.

Мындан тышкары компания Денали тоосунун аталышы МакКинли деп өзгөртүлөрүн дагы кошумчалаган.

Эске салсак, АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп инаугурациясы болгондон кийин булуңдун аталышын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Трамп андан мурун, тагыраагы, кызматына расмий кирише электе Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүү планы бар экенин айткан. Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум Мексика булуңу БУУ тарабынан таанылган ысым экенин белгилеп, керек болсо Түндүк Америка континентин Мексикалык Америка деп өзгөртүү керектигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: