super.kg logo

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды

 

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 12-июнунда Свердлов РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринде белгисиз адам Айфон 12 Про Макс үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алганын айткан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 2002-жылы туулган К.А. аттуу мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жаран мындан сырткары Айфон 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана 620 миң сом акча каражатын уурдоого шектелип жатканы аныкталган. Андагы келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 687 миң сомду түздү.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: