super.kg logo

Бишкекте мурда соттолгон 21 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

 

Бишкекте мурда соттолгон 21 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Биринчи май РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын ичинен 1400 доллар жана 52 миң сомун уурдатып ийгенин айткан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.М. аттуу мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Шектүүнүн башка бир катар кылмыштарга катышы бар экендиги аныкталды. Анын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же маалыматы бар жарандар 0707 707 776, 0705 070 808 же 102 номерине кабарлаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: