super.kg logo

Бишкекте сойкукана уюштурууга шектелгендер кармалды

 

Бишкек шаарында интим кызматын көрсөткөн жай уюштурушкан деп шек саналып эркек жана аял кишилер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-январда болжол менен саат 00:30 чамасында милицияга Токтогул көчөсүндө притон уюштурулгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине барган укук коргоо кызматкерлери аталган даректе кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгүн аныкташкан. Тергөөдө күбөлөр 2 адам кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүшкөнүн, андан түшкөн акчадан алып жүрүшкөнүн айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 25 жаштагы А.С. жана 26 жаштагы К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштурган же ыплас аракеттерге ортомчулук кылгандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат же 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: