super.kg logo

Казакстанда картошка экспортуна чектөө киргизилди

 

Казакстандын айыл чарба министри кечээ, 27-январда “Казакстан Республикасынын аймагынан картошканы экспорттоонун айрым маселелери жөнүндө” буйрукка кол койду. Жергиликтүү басылмалар тиешелүү документ бүгүн, 28-январдан тарта күчүнө киргенин жазышты.

Документке ылайык, алты айлык мөөнөткө картошканы өлкө аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салынды.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттоону кошпогондо, картошканы Казакстандын аймагынан бардык транспорттук каражаттар менен алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин", - деп жазылган анда.

Айта кетсек, буга чейин Казакстандын аймактарында картошканын килограммы 380-400 (68 сом) теңгеге чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

Анда: "Коңшу өлкөлөрдөн, өзгөчө Өзбекстандан суроо-талаптын көбөйүшүнө жана экспорттук баанын жогору болушуна байланыштуу быйыл картошканын экспорту 1,5 эсеге көбөйүп, 411 миң тоннадан 605 миң тоннага чейин өстү. Шашылыш суроо-талап ички рынокко таасирин тийгизди", - деп айтылган.

Мындан улам Казакстанда 18-январдан тарта картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: