super.kg logo

Бишкекте бильярддын атын жамынып иштеген көмүскө кумаркана табылды (видео)

 

Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан Sun Club бильярд клубунда жашыруун кумаркана уюштурулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга бул боюнча маалымат түшүп, белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Алар казинону көмүскө кармап туруу үчүн бильярд клубунун атын жамынышкан жана аталган жайга өз кишилерин гана киргизип келишкен. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 2191-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Кумар оюндарын уюштуруга шектелип 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматта ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турганы кошумчаланат. Учурда тергөө иштери уланууда.






28.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: