super.kg logo

Аш-тойду тескеген мыйзам кабыл алынса, аны ким жана кантип көзөмөлдөйт?

 

Жамандык-жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Анда бир катар үрп-адаттарга тыюу салынган жана мал союуда, конок чакырууда бир катар эрежелер сунушталган. Ошондой эле талаптарды аткарбагандарга айып пул салуу каралган.

Мыйзамдагы эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү жана аймактык комиссиялар түзүлөт.

Жергиликтүү комиссияда районду жана шаарды караган комиссиялар өзүнчө түзүлөрү көрсөтүлгөн. Райондук комиссиянын төрагасы болуп аким башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары бекитилсе, орун басарлыгына райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары дайындалат. Ал эми мүчөлүгүнө социалдык коргоо бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, маданият бөлүмүнүн өкүлү, ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бирден өкүл жана райондун дин кызматкери кирет.

Ал эми шаар мэрияларынын алдындагы комиссия курамынын төрагасы мэрдин социалдык маселелер боюнча орун болот. Анын орун басары болуп шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары дайындалат. Мүчөлүгүнө шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү жана дин кызматкери кошулат.

Жергиликтүү комиссиялар мыйзамдын талаптарынын бузулуулары боюнча арыз-даттанууларды жана талаш-тартыш маселелерди карайт жана колдонулган чаралар жөнүндө маалыматты коомчулукка жеткирип турат. Ошондой эле мыйзамда сакталууга тийиш болгон эрежелерди коомчулукка жайылтууга жана түшүндүрүүгө милдеттүү. Мунун алкагында бийлик өкүлдөрү, ишканалар, коомдук уюмдар менен бирге иштешүүгө алардын жана эреже бузуу аныкталса тийиштүү укук коргоо органдарына чара көрүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.

Аймактык комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүп, мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жеринде көзөмөлдөйт. Анын курамына айылдагы милиция кызматкери, аксакалдар сотунун төрагасы, айыл башчысы, жаштар комитетинин төрагасы, аялдар комитетинин төрайымы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айылдагы имам кирет. Комиссия мүчөлөрү той-аштар өткөрүлгөн ресторан, кафе жана башка жайлардын ээлеринен видеоматериалдарды жана тиешелүү документтерди талап кылууга укуктуу.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2025. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: