super.kg logo

Орусияда көп балалуу тажикстандык аялга батир берилип, көп өтпөй ал камалды

 

Москва шаарында мамлекеттен батир алууда жалган маалымат берген көп балалуу эне кармалды. Бул тууралуу Москва облусунун тергөө комитети билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал күйөөсүнүн кирешеси тууралуу жалган маалымат берип, аны бир нече жолу азайтып, ошондой эле Тажикстанда анын үйүндө 13 адам жашаганын көрсөткөн жасалма көчүрмө берген.

Мыйзамсыз аракеттерден улам үй-бүлөгө аз камсыз болгон жана турак жайга муктаж деген статус берилип, натыйжада алар батир сатып алуу үчүн 24 миллион рублдан ашык каражат алышкан. Тергөөнүн алкагында тинтүү жана сурак иштери жүргүзүлүп, документтер жана кымбат баалуу уюлдук телефондор алынган.

Кеп жети баланын энеси Тахмина Самадова жөнүндө болуп жатат. 13-январь күнү аялга жана анын күйөөсүнө турак жай сатып алууга сертификат тапшырылган. Ага орус блогерлери дароо реакция кылып, Самадованын күйөөсү социалдык тармактарда “тажик желеги үчүн кимди болбосун жок кылып салам” деп жазганын айтышып, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин сынга алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: