super.kg logo

"Суранам". Абхазиянын президенти Бганба Владимир Путинге кат жазды

 

Абхазиянын президентинин милдетин аткаруучу Валерий Бганба орус президенти Владимир Путинге ачык кат жазып, Сухум менен Москванын достугуна тоскоол боло турган терс процесстерге жол бербөөнү суранды. Кат Абхазия президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Катында Бганба Орусиянын айрым басылмалары "Абхазияда Орусия менен мамилени бузууну көздөгөн күчтөр бар деп" жазып жатканына тынчсызданып жатканын билдирген.

Мындан тышкары ал алдыдагы президенттик шайлоодо Абхазиянын башчысынын кызматына бардык талапкерлер Орусия менен бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүнү жана чыңдоону бир добуштан колдой турганын билдирди.

"Талапкерлерди "орусиячыл" жана "антиорусиялык" деп бөлүү аракети коомубуздун бурмаланган көрүнүшүн жаратат жана абхаз-орус достугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Абхазия менен Орусиянын ортосундагы көп жылдык достук мамилелерге терс таасирин тийгизе турган процесстердин алдын алууга ар тараптуу жардам көрсөтүүңүздү суранам", - деп жазган Бганба.

Бганба ошондой эле абхазиялыктар Украинадагы согушта Орусияны колдой турганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: