Жеңишбек Токторбаев Ош мэриясына жаңы кызматкерди дайындады
Шаршеналы уулу Адилет Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койгон.
Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын кадрлар бөлүмүндө адис, жетектөөчү адис, эксперт андан кийин бөлүм башчы болуп иштеген. 2022-жылдан тарта ушул мезгилге чейин Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болуп эмгектенген.
Ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.