Бишкекте жаран 4500 доллар акчасын үйүнөн уурдаткан. Шектүү кармалды

Маалымдалгандай, 15-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Ал ошол эле күнү Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнөн 4500 долларын уурдатканын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран шетүү катары кармалган.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар же жоктугу аныкталууда. Милиция сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо 0(504) 00-66-11 же 102 номурларына кайрылууну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.